«Тендик» коомдук бирикмесинин лидери Гүлмира Казакунова жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башчысы Кудайберген Базарбаев Эл аралык Марафонго даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башчысы Кудайберген Базарбаев Ысык-Көлдүн айланасында өтүүчү Эл аралык Maрафонду колдооун билдирди. «Ден соолугунун
Мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу биздин министрлигибизде жаңы багыт болуп саналат», – деди Кудайберген Базарбаевич.
Эл аралык Maрафондо – Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Финляндиядан келген 30 га жакын коноктор жарышка катышат. Буга чейин биз ар кандай маараке откоруп келгенбиз. Эми биз 138 км чакырым жол отуп , ошентип, Көлдү айланып, сапар алабыз. Андан тышкары, биз маалыматты таратуу учун окуу жайларында биз саякат учурунда иш-чараларды уюштурабыз – деп Гүлмира Казакунова билдирди.