10-агым: жаңы башталыштар 💙

Майыптыгы бар кыздар жана жаш аялдар үчүн Көз карандысыз жашоо борборунда 10-агым өз ишин баштады!

Бул жолу катышуучулар Art Lab студия мектебинде чыгармачылык, жаңы көндүмдөр жана өз алдынча жашоого карай жаңы кадамдар менен жолугушууда. ✨

Каруселден 10-агымдагы кыздардын маанайы, алгачкы таанышуулары жана ата-энелердин үмүттөрү менен бөлүшүүлөрун көрө аласыздар

Ар бир жаңы агым — бул жаңы мүмкүнчүлүк, жаңы достор жана өз күчүнө болгон ишенимди бекемдөөгө жасалган дагы бир кадам.