33 жаштагы Света Эсенказиева 2013-жылы Ысык-Көлдө, бүт өмүрүн оодарып жиберген катуу жол кырсыгынан кийин майып болгон. Бел омурткалары катуу жабыркап, буттары баспай калды. Ден-соолугун калыбына келтирүү аракетинде алты жылдан ашык күрөшкөндөн кийн жолдошу жаңы үй-бүлө куруп алды. «Мындан ары жашоом кандай болоорун билбейм деп мен катуу стрессте жүрдүм. Социалдык жактан коргоо жана майыптыгы бар адамдарга кандай колдоо көрсөтүлөрү кабарым да жок болчу. Мындан кийин өз укугумду кантип коргоо керектигин билбедим», – дейт ал.
Күндөр өткөн сайын, мындан кийинки жашоосу туралуу жөнүндө ойлонуу керектигин түшүнө баштады. «Жолдошума эч кандай таарынычым жана ызаам жок. Мындай сыноого баардыгы эле туруштук бере алышпайт деп ойлойм. Мен ага чын жүрөктөн бакыт каалап, өзүмө кам көрүүнү чечтим» – дейт Света.
Тырмак боюнча адистерди чыгарган окуу курсун аяктап, жашоо тиричилигине акча тапканга жол ачты. Ал майыптыгы бар адамдарга өз укуктарын коргоого жөнүндөгү билим берүүчү тренингдерге жана семинарларга жигердүү катышып келет. Натыйжада өзүнө болгон ишеним кайра жаралып жана: “Шайлоочу катары менин укуктарым жөнүндө билип алгандан кийин, менин добушум биздин өлкөдөгү шайлоо процесстеринде да чечүүчү роль ойной тургандыгын ишендим” деп белгилеп кетти Света өз сөзүндө.
Айжан Тиленова 28 жашта, он сегиз жашында оорудан улам көзү көрбөй калган. Майып болуп, ушул убакытка чейин коомдук жашоого аралашпай, үйүнүн төрт дубалында камалып калган. Анын айтымында, майыптыгы бар адамдар үчүн окуу семинарлары бар экендигин кокустан эле билип калып, мындан ары өз дүйнөсүнүн чектерин кеңейте баштоону чечкен. «Мен толук кандуу шайлоочу экенимди жана шайлоодо өз добушумду бере аларымды билген эмесмин. Мага ар дайым менин үнүм маанилүү эместей сезилчү жана мен ал жөнүндө такыр ойлонгон эмес экенмин. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон укуктарыбыз жана мүмкүнчүлүктөрүбүз жөнүндө билим алганым үчүн рахмат ”, – деди Айжан.
Рахат Кудашева 35 жашта, 2012-жылы үйүнөн чыккан өрттөн катуу жабыркаган. Эртең менен туруп мешке от тутандырып аткан учурда, кокустан чыккан өрттөн ал бетинен жана денесинен 65% күйүк алган. Кайра калыбына келүү көп убакыт талап кылды жана бетине көптөгөн операцияларды жасатуу ал үчүн оңойго турган жок. «Өз башымдан өткөн сыноолордон кийин, мен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар чүнчүп кетпей, кайра коомго активдүү аралашуу керектигин жакшы түшүнүп калдым. Сиз активдүү болуп, көйгөйлөрүңүз жөнүндө сүйлөшүп, укуктарыңыз жана мүмкүнчүлүктөрүңүз жөнүндө билишиңиз керек. Тагдырдын буйругу менен майып болуп калган адамдардан жашоо бүттү деп ойлонбогула деп суранат элем. Болгону жашооңуз башкача сапатта гана уланат. Анан ал канчалык сапаттуу болот, бул адамдын өзүнө гана байланыштуу. Азыр мен активдүү позициядагы көз караштамын. Азыркы күндө мен ыктыярчы болуп иштейм, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берем жана аларга жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берем. Аларга ар кандай окуу семинарларына жигердүү катышууга үгүттөймүн жана чакырып турам», – деди Рахат.
Смаева Бурулча 50 жашта, угуусу начар. Бул семинарга досунун чакыруусу менен келип катышты. Семинардын аягында, ал окутулган программасынын түзүлүшү ага абдан жаккандыгын белгиледи. Ар кандай турундогу майыптыгы бар адамдар менен чогуу окуудук, ошого карабастан берилген маалыматтын баардыгы түшүнүктүү болду. Мага түз баарлашуу форматында курулган талкууларыбыз жакты. Бардык маалыматтар ылайыкташтырылган форматта даярдалып, угуусу начар адамдар үчүн залда сурдо- котормочу адис чакырылгандыгы да жакты. Негизи, угуусу начар адамдар маалыматты түз ала алышпайт, деди ал. Жаңдоо тилин колдонгон адамдар көбүн эсе кадимкидей сүйлөөнү жана текстти түшүнө беришбейт.
Жогоруда айтып кеткен каармандарыбыз Света, Айжан, Рахат жана Бурулча “Шайлоочулар жана демократия мектеби” аталышта эки күндүк тренинг-семинарына катышып билим алышты. Бул семинарга жалпысынан Кызыл Туу – айыл өкмөтүнүн жана Бишкек шаарынын майыптыгы бар 15 адам катыша алышты жана бул окуу “Майыптыгы бар адамдардын коомдук турмушка катышуусун кеңейтүү” демилгесинин алкагындагы иш-чаралардын бири болду. USAIDдин “Жигердүү Жарандар” долбоорунун колдоосу менен “Равенство” Майыптулугу бар адамдардын Коомдук Бирикмеси тарабынан өткөрүлдү.