“Майыптуулугу бар адамдардын коомдук турмушка катышуусун кеңейтүү” демилгесинин алкагында “Равенство” майыптуулугу бар адамдардын Коомдук Бирикмеси USAIDдин “Жигердүү Жарандар” долбоорунун колдоосу менен “Шайлоочулар мектеби жана демократия ” темасында Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн жана Бишкек шаарынын майыптуулугу бар тургундарына арналган эки күндүк окуу семинары болуп өттү.

Аталган тренинг “Равенство” майыптуулугу бар адамдардын Коомдук Бирикмесине окууга катышабыз деп кайрылышкан жарандарга өткөрүлдү .

Тренингдин 15 катышуучусу улуттук шайлоо мыйзамдары жана бардык шайлоо циклинде инклюзивдик чөйрөнү түзүү боюнча эл аралык стандарттар жөнүндө практикалык билим алышты. Тренингдин катышуучулары ошондой эле шайлоо мыйзамдары боюнча өз билимдерин түзүүнү жана шайлоо укуктарын натыйжалуу коргоону үйрөнүштү. Тренингдин жүрүшүндө ченемдик укуктук база майыптардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу жол-жоболорун сактоо жагынан талданды.

Чакырылган эксперт-тренерлер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы шайлоо мыйзамдарын, анын ичинде 11-апрелде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдеринин жоболорун, ошондой эле шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Парламентинин кароосунда турган эске алуу менен окуу программасын даярдап чыгышкан.

Мындан тышкары, катышуучулар ар кандай түрдөгү майыптуулугу бар адамдардын шайлоо участкасына келип, өлкө үчүн маанилүү болгон шайлоо процесстеринде өз добуштарын берүүсүнө тоскоол болгон көптөгөн тоскоолдуктардын болушу жөнүндө пикир алмашышты. Керектүү физикалык инфраструктуранын жоктугу (пандустар, имараттар, жолдор ж.б.) жана көптөгөн социалдык тоскоолдуктар (стигма, майыптуулугу бар адамдарга карата басмырлоо) ансыз да буга чейин аялуу жарандардын арасында кирген майыптуулугу бар адамдардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга олуттуу тоскоолдук болуп келет.

#USAIDKG #жигердуужарандар