Мы открываем набор в 10 поток Центра независимой жизни для девушек и молодых женщин с инвалидностью!
ОО «Союз людей с инвалидностью «Равенство» приглашает участниц от 18 до 35 лет на 6-месячную программу, направленную на развитие навыков самостоятельной жизни, уверенности в себе и успешной адаптации в обществе.
— навыки самообслуживания и ведения быта;
— приготовление еды и планирование питания;
— самостоятельные покупки и пользование транспортом;
— развитие коммуникации и самооценки;
— финансовая самостоятельность и знание своих прав;
— подготовка к семейной жизни;
— основы предотвращения насилия и защита своих границ.
Программа поможет стать более независимыми, уверенными и активными в обществе. Подать заявку можно по ссылке — https://forms.gle/xKt1uxcLvzQkFWvS9
***
Биз майыптыгы бар кыздар жана жаш аялдар үчүн Көз карандысыз жашоо борборуна катышуучуларды кабыл алабыз!
«Равенство» Майыптыгы бар адамдардын коомдук уюму 18 жаштан 35 жашка чейинки катышуучуларды 6 айлык программага чакырат. Программа өз алдынча жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, өзүнө болгон ишенимди арттырууга жана коомго ийгиликтүү ыңгайлашууга багытталган.
• өзүн-өзү тейлөө жана үй тиричилигин жүргүзүү көндүмдөрү
• тамак даярдоо жана тамактанууну пландаштыруу
• өз алдынча соода кылуу жана транспортту колдонуу
• баарлашуу көндүмдөрүн жана өзүн-өзү баалоону өнүктүрүү
• финансылык көз карандысыздык жана өз укуктарын билүү
• үй-бүлөлүк жашоого даярдык
• зомбулуктун алдын алуу негиздери жана жеке чек араларын коргоо
Программа катышуучуларга көз карандысыз, өзүнө ишенген жана коомдо активдүү болууга жардам берет.
Каалоочулар төмөнкү шилетеме аркылуу анкетаны толтурса болот — https://forms.gle/xKt1uxcLvzQkFWvS9