Шайлоо мыйзамына ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран Конституцияда кепилденген тикелей жана жашыруун эркин билдирүү аркылуу, бирдей негиздерде шайлоого жана шайланууга, ошол эле учурда шайлоого жана референдумдарга катышууга укуктуу. Ал арада мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бул тууралуу мыйзам так аткарылбайт деген пикирлерин билдирип келет. Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө майыптардын катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү колго алууда.


#USAIDKG #жигердуужарандар