МҮМКҮНЧҮЛҮГҮМ БАР…

Бүгүн, 3-декабрь майыптардын эл аралык күнү. Бул күнгө карата «Марал» радиосунун «Анан… Дагы…»программасы мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын сүрөттөрүн чогулткан.

Миллиарддаган адамды өз кучагына батырган дүйнөдө кандай гана тагдырлар кезикпейт. Ал тургай алакандай болгон Кыргызстанда түрдүү адамдар, түрдүү тагдырлар арбын. Бул жолу биз көп сөз жазбайбыз, жөн гана биздин топ тарабынан тартылып алынган сүрөттөрдү сиздерге сунуштайбыз.

Биздин бактылуу жашоого мүмкүнчүлүгүбүз бар!

Жараткан тагдырдын кыйынчылыгын көтөрө билген, аны жеңе алчу, күчтүү адамдарды бир топ сыноолор менен калчап, курчутат экен. Жогорудагы адамдар дал ошол сыпаттарга ээ жарандар. Эгерде бул инсандар болбогондо балким дүйнө жүзүндөгү адамдар кайрымсыз, таш боор, өзүмчүл болуп калыптанып калышмак. Андыктан Кыргыз Республикасында катталган жарандардын жалпы санынын 2,7 пайызын түзгөн мүмкүнчүлүгү чектелген бир туугандарыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдирмекчибиз.

Анда эмесе сүрөттөр сүйлөсүн…

 

http://maralfm.kg/programmalar/anan-dagy/37377-mumkunchulugum-bar.html

В честь 3 декабря  2015 года Международного дня людей имеющих инвалидность Радио «Марал» провела фото  сессию  с участием девушек имеющих ограниченные возможности. Данные фото сделаны  во время проведения Летнего Лагеря для девушек и женщин с инвалидность Кыргызской Республики.

 

IMG_55_2 IMG_55_5 IMG_55_6 IMG_55_8 IMG_55_9 IMG_55_10_1 IMG_56_10 IMG_5541 IMG_5543 IMG_5559 IMG_5584 IMG_5613IMG_5631 IMG_5652