🔸Дүйнө жүзү боюнча «#16_күн гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк» глобалдык кампаниясы башталды.
Бул акция жыл сайын 25-ноябрда, аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь, Адам укуктары күнүнө чейин уланган гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык кампания болуп саналат.
16 күндүк өнөктүктүн билдирүүсү аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук боюнча жымжырттыкты бузууга жана басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотууга, жамааттык аракеттерди күчөтүүгө багытталган.
Майыптыгы бар аялдар башкаларга караганда бир нече эсе көп зомбулукка кабылышат.
Биз качып кутула албайбыз, кыйкыра албайбыз, үйүбүздөн кете албайбыз, анткени өкмөттөн алган жеңилдиктер жана дары-дармектер кээде жашаган жерибизге байлануу болот.
Биз көп учурда зордук-зомбулук көрсөткөн адамдардан материалдык жана моралдык жактан көз карандыбыз.
Майыптыгы бар аялдар дагы эле зордук-зомбулуктан корголбойт жана кээде 24/7 зордук-зомбулук кырдаалында төрт дубалдын ичинде жалгыз калууга аргасыз болушат.
Чындыгында, майыптыгы бар аялдар өзүн өзү коргоп же качып кутула албайт. Тилекке каршы, баш калкалоочу жайлар жана кризистик борборлор жеткиликтүү эмес. Биз башкаларга караганда бир жерге байланганбыз, зордукчуларга байланганбыз.
…
Посыл 16-дневной кампании направлен на то, чтобы нарушить молчание по поводу насилия в отношении женщин и девочек и активизировать коллективные усилия, направленные на прекращение всех форм дискриминации.
Мы зависим от наших насильников\абьюзеров материально и морально.
Правда в том, что женщины с инвалидностью, за редким исключением, не могут постоять за себя или сбежать. К сожалению, шелтеры и кризисные центры не предусматривают доступность. Мы привязаны к месту больше, чем любая другая, мы привязаны к нашим насильникам.