Бүгүн биз сиздерди Жалал-Абад облусунун Аксы районунун калкты ишке орноштуруу бөлүмүнүн мурдагы майыптар боюнча консультанты Шамшиев Адылжан менен тааныштырмакчыбыз. Адылжан ар кайсы аймактардагы кесиптештери менен биргеликте майыптарды иш менен камсыз кылуу боюнча жаңы чараны пилоттук түрдө ишке ашырып жаткан 7 консультанттын бири.
«Ушул маектин алкагында мен сиздерге бир сонун кыздын ийгилик таржымалын айткым келет, анын аты Мирзаахмедова Гүлсара. Гүлсара бала кезинен II топтогу майып. 2022-жылдын ноябрь айында Аксы районунун ишке орноштуруу бөлүмүнө келип, алгачкы консультациясын алат. Чынын айтсам, кыз адегенде бир аз обочолонуп, эч кандай мотивациясыз жашап жүргөн. Кесиптештерим менен биргеликте кеңеш берип, стимул берүүгө аракет кылдык. Ал дагы коомдун бир бөлүгү, ал өз колу менен жашоосун өзгөртө алуусу, билим алуу, жумуш таба алуу, убактысын башкара алуусу мүмкүн экендигин жеткирүүгө аракет кылдык.
Жыйынтыгында, Гүлсара «Ашпозчу-кондитер» кесиптик курсуна жазылып, Аксы райондук эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын колдоосу менен үч айлык курстан өтүп, сертификатка ээ болду. Ал өзгөрдү. Оң жагына өзгөрдү. Ал шыктанып, туугандарын ал да билим алып, башкалардай иштеш керек деп ишендире алды», — дейт Адылжан.
Адылжандын айтымында, алардын камкордугундагы Гүлсара документ берилгенден кийин ал бала бакчага ашпозчу болуп жумушка орношкон. Бирок бир жолу алар квалификациясы жок деген шылтоо менен аны жумушка алуудан баш тартышкан болчу. Бул жерде бир адамдын иллюстративдик ийгилиги баяндалат, бул биз текке иштебей жатканыбызды жана биздин долбоор пайда алып келе жатканын айтып турат.
Сегодня мы хотели бы познакомить вас с Шамшиевым Адылжаном, ЛсИ-консультантом в прошлом и сотрудником отдела занятости Аксыйского района, Джалал-Абадской области. Адылжан является одним из 7 консультантов, которые вместе с коллегами из разных регионов пилотируют новую меру по содействию трудоустройству для людей с инвалидностью.
«В рамках этого интервью, хотелось бы рассказать об истории успеха одной чудесной девушки, а зовут её Мирзаахмедова Гүлсара. Гүлсара имеет инвалидность II группы с детства. Ещё в ноябре 2022 года она посещает отделе содействия занятости населения Аксыйского района и получает первичную консультацию. Будем честны, в первое время у девушки была немного изолированная жизнь, совершенно без мотивации. Мы с коллегами, при помощи консультаций старались дать стимул, донести, что она также часть общества, она также может своими руками изменить свою жизнь получить образование, трудоустроиться, распоряжаться своим временем.
В итоге она записалась на профессиональный курс «Повар-кондитер», при поддержке ОСЗН Аксыйского района она прошла трехмесячный курс и получила сертификат. Она изменилась. Изменилась в положительную сторону. Она стала мотивированной, смогла убедить родственников, что она тоже должна получить образование и работать как все люди», — рассказывает Адылжан.
По словам Адылжана, после того, как их подопечная получила документ, смогла трудоустроиться в детский сад поваром. А ведь когда-то ей отказали принять на работу, ссылаясь на отсутствие квалификации. Вот такая показательная история успеха одного человека, которая говорит нам о том, что работаем мы не зря и проект наш приносит пользу.
#Тренинг #Занятость #Инвалидность #Содействие #ОСЗН #МТСОМКР #Равенство #ПроектGIZ #Кыргызстан #Аксырайону